"Баштыкка салынып, оозуна кагаз тыгылган..." Бишкекте дагы бир бала ташталды
Кечээ, 19-ноябрда Бишкектин Арча-Бешик конушунун Кара-Кужур көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунда ымыркай табылганы айтылган. Бул - ноябрь айында Бишкектин көчөлөрүндө табылган экинчи ымыркай. Баланы таап алгандар - милиция кызматкерлери болгон. Алар SUPERTV'га окуянын чоо-жайын айтып беришти.