2019-жылдын сентябрь айында SUPER TV'га "Күйөөм кемсинтип, чанып кеткен. Балдарым менен күркөдө жашайм" деген аталыштагы видео жарык көргөн. Анда сүйлөөсү жана угуусу начар Жанаргүл Кийикбаева эки баласы менен элден жардам суроого аргасыз болгонун айткан. Арадан 9 ай өтүп каарманыбыз кайрымдуу элдин көмөгү менен үйгө жетти.