Интернет жылдызы "Жакшынамды" уруксатсыз ырдап жүргөнү үчүн авторунан кечирим сурады
Соңку кездери "Жакшынам, оо-о, жакшынам" деген ырды кулагыңыз чалып жүрсө керек. Интернет тармагында дал ушул ырды аткарып популярдуу болуп жаткан Нурбакыт Аскаров менен тааныштык. Ал "Жакшынамды" кандайча аткарып калганын, ырчылыкка болгон кызыгуусу жөнүндө айтып берди.