SerepTV Logo

Жер-жемиш саткан соодагерлерге шаар тургундары эмне үчүн нааразы?

Борбор калаанын Кронштадт көчөсүндө "Сары-Өзөн базары" орун алган. Базардын арткы тарабында жайгашкан аймакка жаз-жай айларында чоң габариттүү унаалар токтоп, белгиленбеген жайда соода жүргүзүшүп, тыгынды пайда кылышат. Андан сырткары таштандыларды дагы атайын жайга алып барбастан, мына ушул жерге төгүп кете беришет. Таштандылардан чыккан жыт, унаалардын топтолуп, тыгын жаратуусу жергиликтүү жашоочуларга бир топ кыйынчылыктарды жаратат.
Unknown Author