SerepTV Logo

Жер талашкан аскер кызматкерлери менен мэриянын чыры

Бишкекте 12-кичирайондо аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү аргасыздан митингге чыгышууда. Анткени аларга берилген аймакка Бишкек мэриясы жабык аскер шаарчасынын тосмосун бузуп, алардын үйүнүн жанына жаңысын куруу аракеттерин көрүүдө. Бул жерде жашаган тургундардын айтымында алар бул көйгөй менен ушул жылдын башынан эле, тагыраагы январь айынан бери күрөшүп келишүүдө. Акыры айласы калбаган жарандар боз үй тигип курулуш иштерине жол бербөөнүн айласын издешүүдө.
altinay