ЖАНЫЛЫКТАР (12-декабрь) БШКдан кабар: Эң көп фейк кол тамгалар Садыр Жапаровдо
-“Бакиевдик режим кайтып келе жатат”. Бул тууралуу өлкөгө белгилүү эки саясатчы Роза Отунбаева жана Өмүрбек Текебаев бир учурда айтып чыгышты.
-БШК президенттик жарышка ат салышам деген жарандар тапшырган шайлоочулардын кол тамгаларын электен өткөрдү. Эң көп фейк кол тамгалар Садыр Жапаров тапшырган кагаздардан аныкталды.
-"Мекенчил" партиясынын катарындагы Эрнисбек Ормоков Жалал-Абад шаарынын мэри болуп шайланды. Шаардык кеңештин добуш берүүгө катышкан бардык депутаты бул талапкерди колдогон.
-Бүгүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов төрөлгөн күн. Анын көзү тирүү болсо 92 жашка чыкмак.
#кызыктуувидеолор #акыркыкабарлар #жанылыктар